ЖК жума күнү жана келерки аптанын 29-30-июнунда кезексиз жыйындарды өткөрөт

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кенеш. Архив
Жогорку Кенеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламент жайкы эс алуу мөөнөтү жакындаган сайын, анын кезексиз жыйындары арбууда.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасынын тескемесине ылайык, 2015-жылдын 26-29-30-июнь күндөрү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйындары өтөт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Асылбек Жээнбеков бүгүн, 24-июнда парламент жыйынында кезексиз жыйындарды чакыруу тууралуу чечим кабыл алганын, Координациялык кеңеште кезексиз жыйындардын күн тартибинин долбоорлору бекитилгенин билдирди. 

Буга чейин ЖК өткөн аптанын жума күнү, 19-июнда кезексиз жыйынга чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0