Футбол учурунда коопсуздукту сактаган милицияга таш ыргыткандарга кылмыш иши козголду

Жазылуу
Кыргызстан менен Австралия курама командалары Бишкекте беттешкен күнү коомдук тартипти сактап жүргөн милицияга таш ыргытып, бейбаштык кылгандарды табуу үчүн укук коргоо органдары коомчулуктан жардам сурайт.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Кыргызстан менен Австралия курама командалары Бишкекте беттешкен күнү коопсуздукту сактаган милицияга таш ыргыткандарга кылмыш иши козголгонун Бишкек ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июнь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун түндүк-батыш тарабында саат 18.30 чамасында бейбаштык кылган белгисиз кишилер милиция кызматкерлерине желим бөтөлкөлөрдү жана таш ыргыткан. Анын кесепетинен үч милиция кызматкери түрдүү деңгээлде жаракат алган.

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Футбол күйөрмандары менен кагылышта 10 милиция кызматкери жабыркаган
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

2015-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында Кыргызстан менен Австралия курама командалары беттешип, оюн 1:2 эсебинде австралиялыктардын пайдасына чечилген.

2018-жылы Россияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Азиядагы тандоо турнирлери июнь айында башталган. 

Кыргызстандын курама командасы В тобуна кирген жана атаандаштары Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш.

Жаңылыктар түрмөгү
0