Дамира Ниязалиева балдардын жайкы эс алуусун уюштурган жайларды текшерди

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБалдар бала бакчасы. Архив
Балдар бала бакчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чоңдор балдардын жайында жакшы эс алып, ал эми күзүндө окууга жаңы күч-дем менен, бекем ден соолукта келиши үчүн болгон аракетин көрөт деди вице-премьер.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Бишкек шаарындагы окуучулардын жайкы эс алуусун уюштурган билим берүү мекемелерин көрүп чыкты. Ал ушундай жайларды сунуштаган №36, №84 мектептерде болуп, "Тартуга" бассейнинин реабилитациялык борборундагы сууга түшүү мезгилинин ачылышына катышты. 

"Чоңдор балдардын жайында жакшы эс алып, ал эми күзүндө окууга жаңы күч-дем менен, бекем ден соолукта чыгышы үчүн болгон аракетин көрөт, — деди Ниязалиева. 

Вице-премьер-министр "Фламинго" паркында болуп, балдарды кабыл алууга даярдыгын жана андагы техникалык жабдуулардын иштешин текшерди.


Жаңылыктар түрмөгү
0