Бишкекте бүтүрүү кечеси кафе-ресторандарда да белгиленди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБүтүрүүчүлөр. Архив
Бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун 492 милиция кызматкери камсыз кылды.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 22-июнда Бишкек шаарындагы мектептерде бүтүрүү кечелери 23 кафе-ресторандарда өттү. Бишкек шаарындагы 96 билим берүү мекемесинин 24 мектебинин 500дөн ашуун бүтүрүүчүсү ата-энелери менен бирге майрамдашты. Бул туурасында шаардык ИИББдин маалымат кызматы билдирди. 

Бүтүрүү кечеси учурунда коопсуздукту сактоого 500 милиционер тартылат
Бишкек шаарынын мектептериндеги коомдук тартипти сактоо үчүн 492 милиция кызматкери иштеген. 

Майрамдык кече убагында бүтүрүүчүлөрдүн тартип бузуулары катталган эмес.

Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелеринде майрам өткөрүүгө тыюу салган буйрук чыгарган. 

Республика боюнча 2015-жылы 11-классты 67 миң, ал эми 9-классты 95 миң окуучу аяктады.

Мектепти бүтүрүү кечеси канча турарын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0