Атамбаев: ЕАЭБге өтүү мамкызматкерлерге өзгөчө жоопкерчилик жүктөйт

Жазылуу
Өз куттуктоосунда өлкө башчысы Кыргызстандын кайра жаралуусуна мамлекеттик кызматкерлердин салымы чоң экенин белгиледи.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктаганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Президент куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын ЕАЭБге өтүүсү менен мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө жоопкерчилик жүктөлө турганын айтып өттү.

"Кыргызстан ири экономикалык биримдиктердин бирине кошулду. Мындай жагдай мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө милдет артат. Ар бир мамлекеттик кызматкер бардык дитин коюп, ниетин таза кармап, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз салымын кошчу мезгил келди. Мамлекетибизди четтен бирөө келип өнүктүрбөйт, өзүбүз гана бекемдеп, өзүбүз гана гүлдөтө алабыз", — деп айтылат куттуктоодо.

Президент мамлекеттик кызматкерлер Кыргызстанды бекемдөөгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, демократияны тереңдетүүгө, мыйзамдуулукту камсыз кылууга, элдин жашоосун жакшыртууга бардык күч-аракетин, билимин жана жөндөмүн жумшай турганына ишенерин белгиледи.

"Улуттук стратегияны, өлкөдөгү ири долбоорлорду, программаларды ийгиликтүү ишке ашыруу, мамлекеттин, жалпы коомдун туруктуу өнүгүшү көбүнесе сиздерге байланыштуу", — дейт өлкө башчы. 

Атамбаев элдин ишенимин актап, биргелешип жаңы, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга тарых дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк бергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0