ӨКМ: 112 кызматына курч кырдаал түзүлгөн учурда гана чалуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери. Архив
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чалгандардын көпчүлүгү трубканы коюп коюшат. Мындай жалган чакырууларга канчалаган убакыт, каражат жумшалат. Балким дагы бир жерде чындап эле курч кырдаал болуп жаткандыр дейт ӨКМ кызматкерлери

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына республика боюнча бир сутканын ичинде 2748 телефон чалуу болгон, анын 48и чукул кырдаал болсо, 704ү жалган чалуу болгонун ӨКМ маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, келген чалуулар боюнча "101", "102", "103" жана башка кызматтарга окуя тууралуу кабар берилет.

ӨКМнын башкармалыгынын диспетчерлери көпчүлүк учурда балдар 112-системасын ойноп чалышарын айтат. 

"112 номерине жөн эле чалууга болбойт, мындай коңгуроо оператордун убактысын алып, телефондорду ээлеп турат. 112-системасында чындап зарыл болгон учурда байланышуу үчүн линиялар бош болуп турушу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

112-системасына кокусунан чалынып кетсе, трубканы койбой туруу керек. Анткени оператор аталган системага кокусунан чалынганын билиши зарыл. 

Маалыматта коңгуроону кабыл алган операторго чалган аппараттын номери берилери айтылат.

"Чалгандардын көпчүлүгү трубканы коюп коюшат. Мындай жалган чакырууларга канчалаган убакыт, каражат жумшалат. Балким дагы бир жерде чындап эле курч кырдаал болуп жаткандыр", — дейт мекеме.

Министрлик курч кырдаал түзүлгөн учурда 112 номерин терип, жарандардын кырсык тууралуу маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0