Мамлекеттик каттоо кызматы мөөнөтү белгиленген айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүАйдоочу күбөлүгү. Архив
Айдоочу күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имамов өкмөттүн токтому менен айдоочулук күбөлүктүн 10 жылдын мөөнөтү аныкталганын эскертет.

БИШКЕК, 23–июнь — Sputnik. Мамлекттик каттоо кызматы (МКК) улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштаганын Sputnik агенттигине унаа каражатын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Кубанычбек Имамов билдирди.

Буга чейин Россия транспорт чөйрөсүндө эмгектенген Кыргызстандын жарандары россиялык Жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматтар тарабынан кыргыз айдоочу күбөлүгүнүн мөөнөтү белгиленбегени үчүн айып пул салынып жатканын айтышкан. 

Имамов өкмөттүн токтому менен айдоочулук күбөлүктүн 10 жылдык мөөнөтү аныкталганын билдирет.

"Россия аяктоо мөөнөтү жазылбагандыктан, күбөлүктүн жараксыздыгы жөнүндө кине коюп келген. Эми 10 жылдык мөөнөт белгиленди. Мындан тышкары, жарандын сүрөтүнүн жанына "6" саны жазылды. Эл аралык талап боюнча жарандын атасынын аты жазылбайт, бирок биз жазып келебиз. Бул дагы оңдолду", — дейт Имамов.

Анын айтымында, Кыргызстандын чегинен чыкпагандар үчүн күбөлүктү алмаштыруунун кажети жок.

Улуттук күбөлүктүн баасы Улуттук банктын курсу менен 12 евро турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0