Турар Кожомбердиев көзү тирүү болгондо 74 жашка чыкмак

© Sputnik / Нургуль МаксутоваАкын жана котормочу Турар Кожомбердиевдин китептери. Архив
Акын жана котормочу Турар Кожомбердиевдин китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турар Кожомбердиев кыргыз поэзиясын дагы бир жаңы деңгээлге көтөрүп, анын уюткусун арттырган акындардын катарында турат.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Акын жана котормочу Турар Кожомбердиевдин туулгандыгына бүгүн 74 жыл болду. Ал кыргыз акындарынын арасынан темаларынын түбөлүктүүлүгү, философиялык ой чабыттарынын тереңдиги менен окурмандарды тарткан кыргыз акындарынын алдыңкы сабында турат. 

Алыкул акындын ырларын окуу эстафетасын ЭлТР жамааты 5-каналга узатты
Кожомбердиевдин 74 жылдыгына карата республикада расмий иш-чаралар пландалбаптыр. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү да акындын туулган күнүнө карата эскерүү иш-чаралары уюштурулбагандыгын билдирди.

Акын билим алган Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин деканынын орун басары Майрам Жаңыбаева азыр жайкы каникул болгондуктан, акынды эскерүү болбогондугун айтты.

"Азыр каникул болгондуктан акын Турар Кожомбердиевдин туулган күнүнө карата кече уюштурулган жок, эгерде окуу жүрүп жатса, студенттер менен биргеликте эскерүү кечеси өткөрүлмөк", — деди Жаңыбаева. 

Алп жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтматовсуз өткөн жети жыл. Биз жоктогон руханий лидер
Акын Калинин районундагы Сары-Булак кыштагында 1941-жылы туулган. 1968-жылы ошол кезде бедели бийик Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыган. Ал балдар акыны катары да жакшы таанымал. Акындын "Көлчүктөгү ай" аттуу балдар үчүн чыккан жыйнагы мезгилинде окурмандар тарабынан абдан жакшы кабыл алынган. Анын жетимиштен ашуун ырларына музыка жазылса, бир топ чет элдик акын-жазуучулардын чыгармалары Кожомбердиевдин калеми менен кыргыз тилине которулган. 

Турар Кожомбердиев 1989-жылы дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0