Педофилдерди өлүм жазасына тартуу өтүнүч каты Жогорку Кеңешке берилет

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКукла. Архив
Кукла. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечил топ Change.org сайтында петицияга кол чогултуу уюштурулган. Ага алгачкы күнү социалдык тармактын 125 пайдалануучусу кол койгон.

БИШКЕК, 22–июнь — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймагында педофилдерди өлүм жазасына тартуу петициясын колдоо иретинде кол чогултуу уланып жатканын "Бекем үй-бүлө — күчтүү мамлекет" демилгечил топ билдирет.

Парламенттик эс алуу башталар алдында, 2015-жылдын 30-июнуна чейин, аталган топ чогултулган колду Жогорку Кеңештин депутаттарына берүүгө ниеттенип жатат. Бирок кол чогултуу жылдын аягына чейин уланмакчы.

"Чогултулган кол менен бирге депутаттарга балдардын колунан чыккан "Бакыт сүрөтү" жана педофилдерге каршы кыргызстандыктардын ою түшүрүлгөн видеоролик тапшырылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Панфилов паркында педофилдерге өлүм жазасын берүүгө кол топтолот
Буга чейин демилгечил топ Change.org сайтында петиция уюштуруп, ага алгачкы 23 сааттын ичинде социалдык тармактын 125 пайдалануучусу кол койгон. Бүгүнкү күндө кол койгондордун саны 2 миң 608 адамга жетти.

Балдардын укугун коргоочулар криминалдык статистикага балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун бары толук кирбей жатканын айтышууда. 

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2010-жылы жашы жете элек балдарга карата 75 сексуалдык зомбулук фактысы катталса, 2011-жылы 80, 2012-жылы  300, 2013-жылы 700дөн ашуун, ал эми өткөн жылы 900дөн ашуун учур катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0