Кыргызстанда качкын статусундагы 175 адам бар

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин борбор аянтында. Архив
Бишкектин борбор аянтында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 20-июнь качкындардын эл аралык күнү. Дүйнө боюнча учурда качкындарды саны 60 миллионго чукул.

БИШКЕК, 20-июнь — Sputnik. Кыргызстанда качкындардын саны 2015-жылдын 1-июнуна карата 175 адам. Бул туурасында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

"175 адамдын ичинен 112и Афганистандан келгендер. Ал эми башка өлкөлөрдөн келгендердлин саны 63 киши. Башпаанек издеген адамдардын саны 185 адам", — деп билдирди аталган министрликтин маалымат катчысы Айсулуу Исабек кызы. 

Ал 2015-жылы биринчи кварталда Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, 72 чет элдик жарандан качкын статусун берүү жөнүндөгү 52 өтүнүчү каттоого алынгандыгын кошумчалады.

Кыргызстанга баш паанек издеп Афганистан, Сирия, Өзбекстан, Украина өлкөлөрүнөн келгендер бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0