Чек ара кызматынын жетекчилери тажик-афган чек арасын бекемдөөнү талкуулашты

Жазылуу
КМШ өлөклөрүнүн Чек ара командачылар кеңеши Афганистанда түзүлгөн аскердик саясий абалдын Борбор Азиянын коопсуздугуна тийгизген таасирин талкуулады.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Душанбе шаарында өткөн Чек ара командачылар кеңешинин 73-отурумунда КМШ алкагында Борбор Азиянын тышкы чек араларындагы абал талкууланып, ага КР Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшембиев да катышты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. 

Чек ара кызматы Афганистандан НАТО күчтөрү кеткенден кийинки кооптуулукка даяр
Кеңешмедеги негизги талкуу Афганистанда түзүлгөн аскердик саясий абалдын Борбор Азиянын коопсуздугуна тийгизген таасири туурасында жүрдү. Чек ара кызматтарынын жетекчилери аталган кеңештин 2015-жылы тышкы чек арада коопсуздукту камсыздоо боюнча ишмедүүлүгүнө талдоо салып, келерки жылдын негизги багыттары жөнүндө сүйлөштү. 

Отурумдун катышуучулары Тажик-Афган чек арасын бекемдөөгө Кеңеш тарабынан бериле турган жардамдын жол-жобосу менен таанышты. Ар бир өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери ортосунда пикир алышуулар жүрүп жана быйылкы, келерки жылдагы биргелешип өткөрүлө турган иш-аракеттер талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0