Төлөйкөндөгү "Жалгыз-Бак" мечитинин жасалгасы сынактын идеясын жаратты

© Фото / пресс-служба казыята мусульман Ошской областиКара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү "Жалгыз-Бак" мечити
Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү Жалгыз-Бак мечити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жалгыз-Бактагы" заманбап шарттагы китеп текчелер, ашкана, отургузулган кооз гүлдөр жана аквариумдагы балыктардын өстүрүлүшү намазга келгендерди кайдыгер калтырбайт.

БИШКЕК, 20-июнь — Sputnik. Ош облусунун казысы Ниязали Арипов Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү "Жалгыз-Бак" мечитинин жамааты менен жолукандан кийин, аймакта "Үлгүлүү мечит" сынагын өткөрүүнү чечти. Бул туурасында Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндө 1,5 миң киши бата турган мечит ачылды
Облус казысы келген жамаатты орозо айы менен куттуктап, андан сырткары, казы "Жалгыз-Бак" мечитинин ички абалы, оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Мечиттеги заманбап шарттагы китеп текчелер, конок тосуу бөлмөсү, ашкана, отургузулган кооз гүлдөр жана аквариумдагы балыктардын өстүрүлүшү намазга келгендерди кайдыгер калтырган жок. Эмгек жамааты буга мечит имам-хатиби Сардорбек Обидовдун эмгекчилдиги себеп экенин айтышты.

Мындай жакшы саамалыкка күбө болгон облус казысы башка мечиттердин да мындан үлгү алуусу үчүн "Үлгүлүү мечит" сынагын өткөрүү туурасындагы ниетин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0