Молдобаев: үлүшкө кирген ар бир үчүнчү адам турак-жай үчүн акча төлөй албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековМолдобаев: үлүшкө кирген ар бир үчүнчү адам турак-жай үчүн акча төлөй албайт
Молдобаев: үлүшкө кирген ар бир үчүнчү адам турак-жай үчүн акча төлөй албайт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статкомдун отчётуна ылайык, жыл башынан бери пайдаланууга берилген турак-үйлөрдүн саны олуттуу кыскарып, анын көлөмү борбор калаада 15 пайызга, Ошто 12 жана Жалал-Абад облусунда 23 пайызга жетти.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Курулуп жаткан турак-жай үчүн үлүшкө кирүүчү ар бир үчүнчү адам үзгүлтүксүз акча төлөп туруу мүмкүнчүлүгүн жоготту. Бул тууралуу "Бишкек-Курулуш" компаниясынын башкы директору Аскарбек Молдобаев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, бул кыргызстандыктардын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн жалпы төмөндөшүнө байланыштуу. 

"Албетте, төлөм мөөнөтүн жылдырууну мурда деле сурап келишкен, бирок сомдун куну арзандаганына байланыштуу кырдаал бир топ курчуду", — дейт Молдобаев.

Улуттук статкомдун отчётуна ылайык, жыл башынан бери пайдаланууга берилген турак-үйлөрдүн саны олуттуу кыскарып, анын көлөмү борбор калаада 15 пайызга, Ошто 12 жана Жалал-Абад облусунда 23 пайызга жетти. 

Молдобаев бул жагдайды бюрократиялык бут тосуулар менен байланыштырат.

"Азыр Бишкекте курулуш жүргүзүүгө жер алуу мүмкүн эмес", — деп белгиледи башкы директор.

Анын пикиринде, курулуш тармагында мыйзамдардын мүчүлүштүктөрү тармакка терс таасирин тийгизүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0