Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр акысыз ресиверге ээ болушат

© Фото / espensorvikПульт от телевизора
Пульт от телевизора - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөрдү акысыз ресиверлер менен камсыз кылуу үчүн өкмөт тарабынан кошумча 35 миллион сом бөлүнөт. Ага 25 миң жабдуу сатып алуу пландаууда.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Үстүбүздөгү жылы өкмөт санариптик телеберүүгө (СТБ) өтүү үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ресивер менен камсыз кылуу максатында кошумча 35 миллион сом бөлө турганын Kabar Press агенттиги транспорт жана байланыш министринин орун басары Эрнис Мамыркановдун сөзүнө таянуу менен жазат.

Министрликтин маалыматы боюнча, буга чейин бөлүнгөн 20 миллион сомго 8 миң ресивер приставкасы сатып алынган.

"Акысыз ресиверлерди райондук деңгээлде түзүлгөн комиссия бөлүштүрөт. Ал ким кандай негизде жабдуу аларын аныктайт", — дейт Мамырканов.

Анын айтымында, жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөрдү акысыз ресиверлер менен камсыз кылуу үчүн өкмөт тарабынан кошумча 35 миллион сом бөлүнөт. Ага 25 миң жабдуу сатыл алуу пландаштырылууда. 

"Республика боюнча аз камсыз болгон 105 миң үй-бүлө жөлөк пул алат, бирок анын баары эле акысыз ресиверге ээ боло алышпайт. Анткени алардын ресивер алууга шарты бар. Биз чындап эле жабдык сатып алууга кудурети жетпеген адамдарды акысыз ресивер менен камсыз кылууну көздөп жатабыз", — деди Мамырканов. 

Министрдин орун басары СТБ соцпакетинде учурда 10 канал бар экенин, дагы 15 канал киргизүү пландалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0