Лейлек районунун 270 тургуну каналга түшкөн шагылды тазалашты

Жазылуу
Баткен облусунун Лейлек районундагы "Кулунду" каналынын суу бөлүштүрүүчү жерлерине көлөмү 45000 метр куб кум-шагыл түшүп, толуп калган.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Лейлек районунун 270 тургуну каналга түшүп калган 45000 метр кум-шагылды тазалашканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тазалоо иштерине КР ӨКМ тарабынан тийиштүү техникалар бир нече экскаватор, жүктөгүч, КамАЗ тартылган. Ошондой эле Тажикстан тараптан да керектүү атайын техникалар келип жардам берген.

Бейшемби күнү, 18-июнда райондук ишембилик уюштурулуп, ага 270 адам катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0