Күздөн баштап пенсия көбөйөт

Жазылуу
Сентябрь айынан тарта иш стажы 40 жылдан ашкан эркектердин жана иш стажы 35 жылдан ашкан аялдардын пенсияларынын камсыздандыруу бөлүгү 500 сомго жогорулайт.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап пенсия көлөмү көбөйө турганын премьер-министр Темир Сариевдин жетекчилиги менен өткөн өкмөт жыйынында белгилүү болду.

Социалдык фонддун башчысы Мухаметкалый Абулгазиев билдирүүсүнө ылайык, сентябрь айынан тарта эмгек күнү 40 жылдан ашкан эркектердин жана эмгек күнү 35 жылдан ашкан аялдардын пенсияларынын камсыздандыруу бөлүгү 500 сомго жогорулайт.

"Мындан тышкары, биринчи топтогу майып адамдардын да пенсиясы 500 сомго көбөйөт. Бул үчүн 845 миллион сом талап кылынат. Бюджетте бул каражат каралган", — деди Абулгазиев.

Аталган токтом долбоору өкмөт мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0