Чаткалдагы Терек кенин иштетүүгө конкурс жарыяланат

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүКарьер. Архив
Карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терек кени 1941-жылы ачылган. 1960-70-жылдары кенен чалгындоо иштери жүргүзүлүп, алтындын, күмүштүн жана сурманын кени бар экени такталган.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Чаткал районундагы сурьма чыккан Терек кенинин 17- блогу иштетүү үчүн аукционго коюлат. Бул туурасында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди. 

Бел-Алма кенине иштетүүгө үч компания ат салышып жатат
Аталган мамагенттик Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Терек кенин иштетүүгө лицензия берүү үчүн аукцион өткөрөт. Соодалоо аталган айыл аймагынын Маданият үйүндө 2015-жылы 3-августта өтмөкчү. 

Ал эми аукционго катышууну каалагандар 2015-жылдын 28-июлуна чейин тиешелүү документтерин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке жиберсе болот. 

Аталган сурма кени 1941-жылы ачылып, беш жылдан кийин кеңири геологиялык иштер жүргүзүлгөн. 1960-70-жылдардагы  чалгындоолордун натыйжасында алтындын, күмүштүн жана сурманын кени бар экени такталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0