Бишкектеги Бакыт үйү 15 миллион сомго оңдолот

© flickr.com / garycyclesОңдоо иштери. Архив
Оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Бакыт үйүн оңдоого керектеле турган каражат бөлүп берүү маселесин Каржы министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырды.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Бишкектеги Бакыт үйүнүн имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө керектеле турган 15 миллион сомду бөлүп берүү маселесин премьер-министр Темир Сариев Каржы министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматына бирге иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Борбордук ЗАГС имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борбордук ЗАГС убактылуу этно-комплекске көчүрүлдү
Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Жарандык абал акттарын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү боюнча жыйын өттү. Премьер-министр белгилегендей, бул система өлкө аймагында жашаган жарандардын тек-жайын аныктай турган олуттуу, так жана толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк ачат. Аталган система Кыргызстандын жарандарынын туулгандан көзү өткөнгө чейинки бардык маалыматты өзүнө камтыйт. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованын маалыматы боюнча, учурда аталган система өлкөдөгү Жарандык абал акттарын каттоо органдарынын 59 бөлүмүнө киргизилип, алты миллион сомдук керектүү жабдыктар менен камсыздалды. 2015-жылдын 1-июлунан тарта толугу менен электрондук отчеттуулукка өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0