Атамбаев: жер көчкүдөн жабыркагандар үй менен камсыз болушу керек

Жазылуу
Өлкө башчысы республикада болгон табигый кырсыктан жапа чеккен аймактардагы калыбына келтирүү иштерин жеке көзөмөлгө алууну министрге тапшырды.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Атамбаев Кыр-Жол аймагындагы сегиз үй-бүлөнү тез арада көчүрүүгө тапшырма берди
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда министр Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында болуп өткөн табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча иштери тууралуу айтып берди.

Өлкө башчысы министр менен Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кыр-Жол айылында жер көчкүдөн жабыркаган жашоочулардын абалын талкуулап, үйсүз калгандар суук түшкүчө турак-жай менен камсыз болушу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0