Ысык-Көлдө "Шериктештик балдары-2015" форуму өтөт

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын катышуучулары "Сакталып калган дүйнөнүн да эсинде" аттуу атуулдук темадагы роликтерди даярдап, "Согуш оюнчугу" көргөзмөсүн ачат.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Ысык-Көл жээгинде 2015-жылдын 18-24-июнь күндөрү "Шериктештик балдары-2015" үчүнчү эл аралык маданий-агартуу форуму өтө турганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, форум Жогорку Кеңеш жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан уюштурулууда. Мындай иш-чара Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп, акыркы мезгилде салтка айланып барат.

"Форумдун алкагында Кыргыз маданиятынын жана кыргыз тилинин күнү, "Каармандык унутта калбайт" балдардын чыгармачылык жамааттарынын марафону, "Жеӊиш күндөлүгү – муундар байланышы" балдар чыгармаларынын фестивалы өтөт. Жылдын негизги долбоору — "Бабаларыбыздын согуш жолу" интерактивдүү картанын бетачары болот. Андан сырткары, согуш темасына арналган  "Өткөн мезгил жолу менен" адабий-музыкалык меймандар кечеси тартууланат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Иш-чаранын катышуучулары "Сакталып калган дүйнөнүн да эсинде" аттуу атуулдук темадагы роликтерди даярдап, "Согуш оюнчугу" көргөзмөсүн ачат. 

Форумдун ишине шериктештикке кирген  Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь, Азербайжан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген балдар катышары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0