Жанар Акаев: президент футбол таймашын уюштуруудагы кемчиликтерге ачууланды

© Фото / Уланбек АсаналиевЖанар Акаев. Архивное фото
Жанар Акаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча беттешинде күйөрмандар кыргыз футболчуларына ыраазы болсо, аны уюштургандарга нааразы болуп жатышат.

БИШКЕК, 17-июнь – Sputnik. Шейшемби күнү өткөн Кыргызстан менен Австралиянын футболдук беттешине баштан-аяк көз салган президент Алмазбек Атамбаев эл аралык футбол таймашын уюштуруудагы кемчиликтерге ачууланды. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев Sputnik маалымат сайтына билдирет. 

Футболдун начар уюштурулгандыгына нааразы болгон күйөрмандар сотко берүү ниетинде
Акаевдин айтымында, Атамбаев кечээки футболдук беттешке баштан аяк көз салган. Ал уюштуруудагы кеткен кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча өкмөт башчысы Темир Сариев менен сүйлөштү.

"Биздин футболчулардын чеберчилигине жана Азия чемпиондорунан жазганбай ойногонуна өлкө башчысы ыраазы болду. Он миңдеген күйөрмандардын шыктандырып, туш-туштан колдогонуна кубанып, Кыргызстанда өз мекенин урматтоо сезими артып жатканын белгиледи. Ошону менен катар эле президент билет сатып алып, бирок стадионго кире албай калган футбол күйөрмандары көп болгонуна, стадиондогу уюштуруу иштеринин начардыгына ачууланды. Алмазбек Атамбаев бул кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча, стадиондун жетекчилигине жана башка уюштуруучуларга тиешелүү чараларды көрүү боюнча өкмөт башчысы Темир Сариев менен сүйлөштү", — деп билдирди Акаев.

Ал борбордук стадионду эл аралык стандарттарга ылайыктоо жагын кароо өкмөткө сунушталганын, бирок кандай шартта болбосун, футбол таймашын уюштурууда катачылыктарга жол берилбеши керектигин айтты. 

"Буга байланыштуу стадион жетекчилигине жана башка уюштуруучуларга сөзсүз чара көрүлөт", — деп кошумчалады президенттин басма сөз катчысы.

16-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан – Австралия командаларынын футбол боюнча мелдешүүсүнө уюштуруунун начардыгынан билети колунда туруп жергиликтүү жана австралиялык күйөрмандар кире албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0