Байкоо жүргүзүү үчүн бирдиктүү терезелерге видео камералар орнотулат

© Sputnik / Табылды КадырбековВидеобайкоо камералары. Архив
Видеобайкоо камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы шаарындагы "Бирдиктүү терезеде" коюлган видео байкоо системасы андагы кызматкерлердин ишине көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай жабдыктар мекеменин башка аймактардагы бөлүмдөрүндө да орнотулат.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Бирдиктүү терезелерге видео байкоо жабдыгы орнотула турганын Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) төрагасы Замирбек Осмонов билдирди. 

Панкратов: ЕАЭБдин Бажы чек аралары Кыргызстан үчүн күзүндө ачылышы мүмкүн
Аталган мекеменин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Осмонов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында обочолотулган жумушчу орундарынын, айрыкча "Бирдиктүү терезенин" материалдык-техникалык жактан жабдылышы, салык төлөөчүлөр үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттар, инспекторлордун иштөө шарттары менен таанышып, калкка кызмат көрсөтүүдө жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын жана натыйжасын текшерди.

Осмонов Балыкчы шаарындагы "Бирдиктүү терезеде" коюлган видеобайкоо системасы кызмат көрсөткөн кызматкерлердин ишине көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.

"2015-2017-жылдарга карата МСКнын өнүгүү стратегиясында "Бирдиктүү терезелерге" видео байкоо системаларын жайылтуу каралган. Кызматкерлердин иштерине видеокамералар аркылуу көзөмөл кылуу салык төлөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет", — деди Осмонов.

Төрага 33 салык органдарында "Бирдиктүү терезе" иштеп жатканын жана кийинчерээк мындай кызматтар салык кызматынын башка аймактык башкармалыктарында да пайда болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0