Четтен келип, четке чыгып калган кыргыздар

Жазылуу
Мындан жыйырма чакты жыл мурда мекени Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн кайткан кыргыздардын арасында азыркыга чейин документ көйгөйлөрү чечилбей келгендер арбын.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Дөбө айылында жашап жаткан Тажикстандан тарыхый мекенине көчүп келген кыргыз Алтиной Батирова пенсия чектеттире албай жүрөт. Ал эми байбиченин уулу, эки баланын атасы Нурали Аширов документи жок болгондуктан, айылдан четке чыга албай жашап келет. 

Архив: Памирлик кыргыз кызы - Sputnik Кыргызстан
Памирдеги кыргыздар балдарын Кыргызстандан окутууга кызыктар
13 адамдан турган үй-бүлө мындан 22 жыл мурда Тажикстандын Шартуз районунан түпкү мекени Кыргызстанга көчүп келип, отурукташкан. Үй-бүлөнүн карылары менен кожоюну бул жактан жерге берилген. Ал эми ошол кездеги жети бала азыр үйлөнүп жайланган. Бирок алардын көбүнүн документ көйгөйү 22 жылдан бери чечилбей келет.

Жети баланын энеси Алтиной Батированын айтымында, Тажикстанда жүргөндө иштеген эмес, кийин Кыргызстанга баса беришкен. Азыр тиешелүү документтери жок болгондуктан, кенжесине паспорт жаздыра албай, өзүнө пенсия чектете албай отурат. 

"Пенсия чектеттириш үчүн эмгек стажымды тастыктаган документ талап кылышты эле, иштебей кайнене, кайната багып үйдө отурсам, кайдагы эмгек китепчеси. Калган документтерим баары жайында. Алты жылдык стаж таап кел дешет, аны кайдан табам… Ыза болгонумдан деги ушул документтердин баарын тытып салайынчы деген ойго келдим. Жакындарым колумдан алып, документтеримди Баатыр эне наамын алганга тапшыртты, эми болгон үмүтүм ошондо турат. Мени менен тең аялдардын пенсия алганына 13 жылга чамалады. Мен ошентип ортодо калдым", — деди Алтиной апа.

Биздин каарманды түйшөлткөн негизги көйгөйү — оорулуу небереси менен туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн башка документи жок жашап жаткан 32 жаштагы уулу Нурали Аширов.

Алтиной апанын айтымында, алар Кыргызстанга көчүп келгенде уулу 5-6-классты окуп, бирок тилдик айырмачылыкка байланыштуу  жагымсыз жагдайдан улам, кийин мектепке барбай коюптур. Нурали эр жеткенде үйлөнүп, үч балалуу болгон, бирок аялы менен нике кагазы жок, балдар энесине катталган. 

"Тажикче сүйлөйсүңөр деп, дептерин айрып салган экен. Ызаланды окшойт, агай урушат деп, ошол боюнча барбай койду. Метрикадан башка эч кандай документи жок. Паспорт алалы десек, тогуз документ керек дешти. Аны топтогонго, жүгүргөнгө акча жок. Мектептин директору балаңыз мектепти бүтпөсө, справканы кантип берем деди. Айылдан чыкпайт. Документи жок болгондуктан, айылдын чегинен чыгып иштей албайт дагы. Өткөндө шаарга барса милиция кармап алып, документ талап кылыптыр. Метрикасынан башка эч нерсеси жок болсо эмнени көрсөтөт. Эптеп кутулуп келиптир. Ошондон кийин эки жакка чыккыс болду", — деди аргасы түгөнгөн маанай менен биздин маектеш. 

Нурали Ашировдун үчүнчү баласы оорукчан болуп төрөлүп, ымыркайдын дартын аныктоо үчүн бир топ жерге баргандыгын, кайрадан эле атасынын документинин жоктугу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө да таасирин тийгизгендигин айтты.

"Оорукчан неберемди өткөндө томографияга алып барсак, атасынын паспорту жок болгондугунан 3000 сом болоорун айтышты. Эки жолу өттүк, ооруканага 3-ирет барганда дарылаганга болбойт деп чыгарып берип койду. Жалдырап мени караса, жүрөгүм ооруйт. Пенсиясына деле ыраазы элем. Ушунун ден соолугу эсен-соо болсо эмне", — деп жоолугунун учу менен көз жашын сүрттү Алтиной апа.

Кыргызстанда 22 жылдан бери жашап келе жаткан адамдын кантип документ алуусу керектиги туурасында Sputnik Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылды. Аталган министрликтин кайрылмандар жана жер которгондор менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Айгүл Борбугул кызы паспорт алуу үчүн тогуз эмес, андан аз сандагы документтер керектелерин жана анын жол-жобосун айтып берди. 

Эгиздер Юсуп менен Зулайка: өз жериңде жашоо кандай бакыт
"Ал адам биздин Жайыл райондук миграция бөлүмүнө кайрылып, "Кайрылман" статусунун күбөлүгүн алууга документ тапшырышы керек. Ал кагазды алуу үчүн Жайыл районуна катталышы керек да, тиешелүү документтерди ташыруусу зарыл. Алар: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин паспорту, жашаган жеринен справка, 3-4 өлчөмүндөгү түстүү эки сүрөттү алып барып тапшырса, кайрылман күбөлүгүн 2 ай ичинде алат. Күбөлүк колуна тийгенден кийин Жайыл районунун айыл өкмөтүнө барып, каттоого турушу керек, ал жерден "туруктуу каттоого турду" деп күбөлүккө мөөр басып берет. Андан кийин паспорт столго барып Кыргызстандын жарандыгын алууга документ тапшырат", — деди Борбугул кызы. 

Министрликтин өкүлү тогуз документ керек деген мурдагы мыйзамдын негизинде болгондугун, азыр алар этникалык кыргыздардын документ алуусу үчүн жеңилдетилип, алардын саны азайтылгандыгын кошумчалады.

Учурда расмий маалыматтарда Кыргызстанда чет жактан кайтып келген 50 миңдин тегерегиндеги этникалык кыргыздар жашайт. Алардын 40 миңге жакыны өлкөнүн жарандыгын алган. Акыркы алты айдын маалыматын кошо алганда 8000 адамга кайрылман статусу берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0