Уулум үйгө кеч келериме кейип жатат – өкмөттүн маалымат кызматынын жаңы жетекчиси

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция залы. Архив
Пресс-конференция залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жумушум маалымат кызматына ишине жаңылык киргизүү үчүн КТРКда топтогон иш тажрыйбамды толук пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет, деп эсептейт Назира Ахмедова.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жаңы жетекчиси Назира Ахмедова үй-бүлөсү анын чечимин колдоду деп билдирди.

"Жолдошум жаңы кызматка дайындалышымды колдоду, бирок уулум үйгө кеч келеримди айтып, тынчсызданып жатат", — дейт Ахмедова.

Өкмөттүн маалымат кызматын жетектөө сунушу эки апта мурун айтылган. Ахмедова чечим кабыл алуу үчүн көпкө ойлонгонун белгиледи.

"Ишиме дүйшөмбүдөн тарта кириштим. Премьер-министр арызыма кол койгону менен, азырынча буйрук чыга элек", — деди журналист.

Анын айтымында, эми маалымат кечиктирилгени үчүн журналист кесиптештеринин "жинин" өзү жон териси менен сезип-биле турган убакыт келди. 

"Журналист катары мен да бул көйгөйгө туш болгом. Эми мындай пикир келишпестиктердин алдын алуу үчүн бардык аракетимди жумшайм", — деп белгиледи Ахмедова.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Асанов: Өкмөт башчысы менен ЖМКлар ортосунда кызматташууну жакшыртуу ниетим бар
Ал жаңы жумушу маалымат кызматына ишине жаңылык киргизүү үчүн КТРКда топтогон иш тажрыйбасын толук пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет деп эсептейт.

Дүйшөмбү күнү, 2015-жылдын 15-июнунда өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чолпон Сулайманова өз ыктыяры менен жумуштан кетүү арызын жазып, ага премьер-министр Темир Сариев кол койгон. Сулайманова аталган кызматка 2015-жылдын 14-майында дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0