Ноокаттагы оорукананын неврология бөлүмү үч жылдан бери ремонттоло элек

© Sputnik / Жоомарт УраимовОш облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагындагы оорукананын неврология бөлүмү.
Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагындагы оорукананын неврология бөлүмү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеменин неврология бөлүмү селден жабыркаган имараттын бөлмөлөрүнүн ортосундагы тосмолор жантайып калганынан улам жабылган.

ОШ, 15-июнь — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагындагы оорукананын неврология бөлүмү капиталдык оңдоого муктаж.

Нөшөрлөгөн жаандан улам 2011-жылы имаратты суу каптап кеткен. Неврология бөлүмү авариялык абалда деп табылып, ошондон бери иштеген эмес. 

Бейтапкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарына жаңы оорукана жана бейтапкана куруу пландалууда
Ош долбоорлоо институтунун алдын ала эсептөөсү боюнча капиталдык ремонтко 29 миллион сом керектелет.

Аталган бөлүм Ноокат районунун борбордун ооруканасынын аймагында жайгашкан. Анда оорулууларды кабыл алган №21 үй-бүлөлүк медицина борбору да иштейт.

Оорукананын имараты да капиталдык ремонтко муктаж, ага 18 миллион сом талап кылынат.

Эки кабаттуу имарат 1981-жылы курулган. Узуну 80, туурасы 13,5 метрди түзөт. Оорукана 50 орунга ылайыкташтырылган.

Президент Алмазбек Атамбаев авариялык абалда турган оорукананын ремонтуна жардам көрсөтөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0