Президент Атамбаев: аскер адамдарынын жашоо шартын жакшыртабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековАскерлердин Москвадагы парадка даярданышы. Архив
Аскерлердин Москвадагы парадка даярданышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев 9-майда Москванын Кызыл аянтында параддан өткөн аскерлер менен сыймыктанарын билдирди.

ОШ, 15-июнь — Sputnik. Мамлекет мындан ары да аскер адамдарынын жашоо шартын жакшырта турганын президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында аскер кызматкерлери үчүн эки турак-үйдүн ачылыш аземинде билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, ал президенттик мөөнөтү аяктагыча аскер адамдарынын бардык муктаждыгын чечүүгө аракет кылат. Армия Өнүгүүнүн улуттук стратегиясындагы негизги багыт болуп саналат. Атамбаев мамлекетке армия кереги жок деп техникаларды сатып жиберген жетекчилер да болгонун белгилеп кетти.

"Силердин кызматыңар абдан оор, мындан улам аскер адамдары көңүл борборунда болуусу тийиш. Учурда биз айлык акыны көтөрүү жана бардык керектүү нерселер менен камсыздоонун үстүндө кызуу иштеп жатабыз", — деди президент.

Өлкө башчысы кыргыз жоокерлеринин машыгуу учурунда көрсөткөн жыйынтыктары аны кубандырганын кошумчалады.

Ошто КРдин Башкы штабынын Ош гарнизонунун офицерлери үчүн 80 батирлүү эки турак-үй пайдаланууга берилди. Үйдүн бири 60, ал эми экинчиси 20 батирден турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0