Бишкекте туулган төрт эмдин ата-энесине батирдин ачкычы тапшырылды

© Sputnik / Нургуль МаксутоваБишкек шаарында апрелдин башында төрөлгөн төрт эмге президент тарабынан бөлүнгөн каражатка сатылып алынган батирдин ачкычы тапшырылды.
Бишкек шаарында апрелдин башында төрөлгөн төрт эмге президент тарабынан бөлүнгөн каражатка сатылып алынган батирдин ачкычы тапшырылды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрелдин башында жарыкка келген төрт эм бөбөктөргө белек кылынган батирлердин бирөөсү киргенге даяр, ал эми экинчи үй Эгемендик күнүнө карата даяр болот.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Бишкек шаарында апрелдин башында төрөлгөн төрт эмге президент тарабынан бөлүнгөн каражатка сатылып алынган батирдин ачкычы тапшырылды. Андан сырткары "KG групп" компаниясы бөбөктөр үчүн бир нече бөлмөлүү батир белек кылгандыгын билдирди.

Младенец. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Төрөлгөн төрт эм Зарнаевдерди эми жети уулдуу кылды
Президенттин фондунан бөлүнгөн каражатка Бишкек шаарынын мэриясы үй куруп берүүгө милдеттендирилген. Бирок үй-бүлө менен сүйлөшүлгөндөн кийин балдарга бардык шарттары бар батир алуу чечимине токтошкон.

"Туңгуч" кичирайонунда жайгашкан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын Гүлайым Абдылдаева менен Нурлан Зарнаевге Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев тапшырды. 

"Президент Алмазбек Атамбаевдин өзүнүн фондусунан үй куруп берүүгө каражат бөлгөн, бирок, ал ишти көпкө созбой, көп кабаттуу үйдүн ичинен эки бөлмөлүү батирди таап, ачкычын тапшырганы келдик",— деди Тынаев. 

Оторбаев апрелде төрт эмдүү болгон үй-бүлөгө барды
Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана мэр Кубанычбек Кулматов тарабынан апрель айынын башында төрөлгөн төрт эмге материалдык жардам катары каражаттар бөлүнүп, жетекчилер бөбөктөрдү көрүп келишкен.

9-апрель күнү Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 34 жаштагы Гүлайым Абдылдаева төрт эм уул төрөгөн. Ымыркайларга Алмазбек (президенттин урматына), Асылбек, (ЖК төрагасы Асылбек Жээнбековдун урматына), Кубанычбек (Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун урматына) жана Камчыбек (Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысы Камчыбек Узакбаевдин урматына) деген ысымдар ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0