Кыргызстанда авиакырсыктарды изилдеген мамлекеттик орган пайда болушу мүмкүн

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүУчкучтун салону. Архив
Учкучтун салону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизги максаты ИКАО стандарттарына ылайыкташтыруу үчүн КР жарандык авиация багытын жөнгө сала турган мыйзамды жакшыртуу болуп саналат.

БИШКЕК, 13-июнь — Sputnik. Кыргызстандык жарандык авиациясы эл аралык уюмдун стандарттарына ылайыкталарын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Самолет авиакомпании Аэрофлот. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Москва – Бишкек каттамы боюнча учкан учак тумандан улам Бишкекке эмес Ташкентке конду
Жума күнү өкмөт Кыргызстандын аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү долбоорду карады.

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев долбоордун негизги максаты ИКАО стандарттарына ылайыкташтыруу үчүн КР жарандык авиация багытын жөнгө сала турган мыйзамды жакшыртуу болуп саналат.

Анын айтымында, жарандык авиация органынын ишмердүүлүгүн каржылай турган жаңы ыкма сунушталып жатат.

"Бул кодексте жарандык авиация органын каржылоо мамлекеттик бюджеттин жана жарандык авиация субъектилеринин эсебинен жүргүзүлөт. Буга чейин аталган маселеде пикир келишпестиктер болуп келгендиктен өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат", — дейт министр.

Малабаев жаңы долбоорго ылайык, аба кырсыктарын иликтей турган мамлекеттик орган түзүү каралганын кошумчалады.

Долбоор өкмөт тарабынан жактырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0