Ажылыкка бара тургандарды аныктоо 16-июнда аяктайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМусулмандар намаз убагында. Архив
Мусулмандар намаз убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл ажылыкка бара тургандардын квотасы толбой калгандыктан, өлкөнүн түндүк аймагындагы каалоочулар Сауд Аравиясына баруучулардын тизмесине чүчүкулаксыз эле кире алышат.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Ажылыкка бара тургандарды чучу кулак аркылуу аныктоо 16-июнда аяктары тууралуу Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Замир Ракиев Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Ал учурда Оштун эки району боюнча зыяратчыларды тандоо аяктагандыгын айтты.

"Учурда Өзгөн менен Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында чүчүкулак менен тандоону бүттүк. Бул процесстер 16-июнда аяктайт", — деди Ракиев.

Быйыл ажыга барууну каалагандардан өлкөнүн түндүк аймагы боюнча квотасы толбой калгандыктан, чүчүкулак кармоосуз эле кабыл алынарын муфтийдин орун басары кошумчалады.

"Түндүк аймакта толбой калган үчүн квотаны статистика менен алып, жетишпей жаткан түштүк аймактагы райондорго бөлүп бердик", — деди Ракиев.

Меккеге зыярат кылуучуларды чүчүкулак кармоо менен аныктоону түштүк аймагында эки топ жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0