Үч эмдин энеси: донор болуп берели, бир кызыңды бер дешти

Жазылуу
Ымыркайлар Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо дарылоонун кийинки этабынан өтүп жатышат.

БИШКЕК, 10-июнь — Sputnik. Кандай кыйынчылык болгон күндө да ымыркайларын эч кимге бербей, өзү бага турганын Sputnik агенттигине балдардын энеси Бактыгүл Камчыбек кызы билдирди.

Үч эм — бир уул, эки кыз 5-июнда Бишкектин алтынчы төрөт үйүндө жарыкка келишкен. Бактыгүл Камчыбек кызы пикир келишпестиктерден улам эки айлык боюнда бар кезинде үйүнөн чыгып кеткен. Бишкекке келип, мечиттердин биринде жашап жүрүп, төрөр алдында Зарина Батыралиева аттуу жарандын үйүндө баш калкалаган. Көз жаргандан кийин келин барар жери жок экенин айтып, өлкө жетекчилеринен жардам сураган эле.

"Азырынча мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлө элек. Бирок эл-журт бар экен, эч нерседен кем болгон жокпуз. Чыккандан кийин жашай турган батирибиз да табылды", — дейт эне. 

Ошону менен бирге балдарды энесинен ажыратып, багып алалы дегендер да болгон.

"Көп адам чалды. Ымыркайларыңды бер, багып алалы дешти. Донор болуп берели, бир кызыңды бер деп да чалышты. Адамдан эле адамдын чыгышы оңой бекен. Ит деле күчүктөрүн алып кетсе, кандай абалда каларын элестетип көргүлөчү деп жооп бердим. Мен балдарымды эч кимге бербейм, кандай болгон күндө да өзүм багам", — дейт Бактыгүл.

Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч эм төрөгөн жалгыз бой энеге өкмөт жардам көрсөтөт
Учурда ымыркайлар Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо дарылоонун кийинки этабынан өтүп жатышат. Ал эми келин жаңыдан жакшы болуп келе жатканын, жакын арада ооруканадан чыгарын билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев үч эм төрөгөн келинге бардык керектүү жардам көрсөтүү үчүн өкмөт аппаратына жана Социалдык өнүктүрүү министрлигине тапшырма бергени маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0