Саламаттык сактоо министрлиги Түштүк Кореядан чыккан вирустун жайылбашына аракет көрүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин имараты. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдө Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Кореядан чыккан короновирус илдетинин жайылып баратканын байкоого болорун айтты.

БИШКЕК, 10 июнь — Sputnik. "MERS-CoV" короновирустук инфекциясын аныктоо үчүн бир катар чаралар көрүлүп жатканын министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Анарбек Алимахунов билдирди.

Мекеме чек арадагы санитардык-көзөмөл пункттарынан Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен жана Түштүк Кореядан келген адамдарга көзөмөлдү күчөтүүдө. 

"Бүгүнкү күндө респиратордук дарттын белгилери аныкталган жок", — дейт пресс-катчы.

Алимахунов министрлик күн сайын респиратордук инфекция аныкталган адамдарды тыкыр көзөмөлгө алып, аталган дартты аныктоо, дарылоо жана алдын алуу боюнча медицина кызматкерлерин атайы даярдыктан өткөрүп жатканын кошумчалады. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, короновирус илдетине чалдыккандардын саны 1 миң 190 адамга жеткен, анын 444 каза болгон. 

Инфекия бүгүнкү күндө Сауд Аравиясы, Катар, Оман, Египет, Ливан, Йемен, Тунис, Бириккен Араб Эмирлиги, Иордания, Европадан Франция, Германия, Улуу Британия жана Италияда катталса, Азиядан Малайзия жана Филиппинде катталган. Мындан тышкары, АКШда үч учур белгилүү болду.

Медицина офистеринде жумуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Кореяда вирус жуктуруп алгандардын саны 18ге жетти
Бүгүнкү күндө Түштүк Кореяда илдет жуктуруп алгандардын саны 95ке жетип, жети адам каза болду. 

Вирус сасык тумоо сыяктуу аба аркылуу жугат. Дартка кабылгандар дене табы ысып, жөтөлүп, күйүгөт, бирок бул белгилер вирустун белгилери экени жана анын жугуу жолдору так аныктала элек. Учурда коронавируска каршы вакцина жок.

Саламаттык сактоо министрлиги оорунун алдын алуу үчүн бети-колду таза жууп, медициналык бет каптарды тагынып, бөлмөлөдрдү желдетип турууну сунуштайт.

Министирлик аталган илдетке мүнөздүү белгилердин бири эле аныкталса, медициналык жардам же кеңеш алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0