Сырдана жандын сыры. Сиз үчүн достуктун мааниси кандай?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖигиттин секирип сүйүнүүсү. Архив
Жигиттин секирип сүйүнүүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык достор күнүнө карата Sputnik кабарчысы достуктун мааниси жана ага байланыштуу жагымдуу көз ирмемдерди айтып берүү өтүнүчү менен замандаштарыбызга кайрылган.

БИШКЕК, 9 июня — Sputnik. Достук мамилелери илгертен эле адамдар ортосундагы бийик руханий жана социалдык баалуулук катары саналып келген. Адамдардын баары эле достору менен мактанып, алар менен чогуу өткөргөн бактылуу көз ирмемдер тууралуу айтып бере алышат. Достук тууралуу көп нерсе айтууга болот. Негизгиси, достук – бул адам жашоосундагы бирден бир маанилүү мамиле экени анык. 

Майрамга карата Sputnik кабарчысы достуктун мааниси жана ага байланыштуу жагымдуу көз ирмемдерди айтып берүү өтүнүчү менен замандаштарыбызга кайрылган.

Авланбек Жумабаев, медиа-менеджер:

Адамдар бири-бирине же туугандыгы, же достук жана сүйүү аркылуу жакындашат. Мен үүчүн достук сүйүүгө караганда маанилүүрөөк. Анткени, достор менен ошол эле сүйүү жөнүндө да сүйлөшө аласың…

Атактуулардын сүрөттөрү: бешиктеги баланын бек болорун ким билет
Жай күндөрүнүн бири эле. Досум экөөбүз чөп чабыкка жардам берели деп айылга барганбыз. Жубайы кош бойлуу, шаарда. Үйдө жалгыз калуудан коркчу. Биз жумушубузду кеч бүттүк. Анда уюлдук байланыш да жок болчу. Айылдан түнкү саат 12де чыгып, чоң жолго чейин 20 чакырым жөө бастык. Кээде чуркап коебуз, кээде жай басабыз, ошентип отуруп, жолго тез эле жетип калдык. Шаарга таң атканда келдик. Ошондо жолдо келатып көп нерсе жөнүндө сүйлөштүк эле — жубайларыбызга, балдарыбызга, ата-энебизге болгон сүйүүлөр айтылды… Анда биз бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз, азыр анчалык көп сүйлөшө албайбыз. Досум менен өткөргөн мезгилдин айрым учурларын эстегенде көңүлүм көтөрүлө түшөт.

Айжан Сырдыбаева, кол өнөрчү:

Достуктун мааниси абдан чоң. Бул жан дүйнөнүн, кызыкчылыктардын жакындыгы. Достошуу — бул жакындарың менен ой-толгооңду бөлүшүү, аларга жагымдуу ирмемдерди тартуулоо. Бул — адамга болгон чексиз ишеним. Досторум менен болгон мамиле мен үчүн абдан баалуу, анткени, аны акчага сатып ала албайсың. 

Бактылуу окуучулук күндөр… Белгилүү адамдардын мектеп жылдарындагы сүрөттөрү
Жагымдуу учурлар көп эле болгон, бирок бала чакта болгон бир окуяны айтып берейин. Менин жакын курбумдун аты — Зарина. Кичинекей кезибизде бири-бирибизден бөлүнчү эмеспиз. Бир жолу экөөбүз түбөлүк достукка антташууну чечип, баалуу деген буюмдарыбызды жерге көммөй болдук. Көмүп атып, эч качан урушпоого, кандай болгон күндө да курбу боюнча калууга шерттештик. Муну эмне үчүн жасаганыбыз азыр эсимде жок. Зарина экөөбүз азыр да жакшы мамиледебиз. Кээде бала чактагы окуяларыбызды эстеп, күлүп калабыз.

Игорь Шестаков, саясый баяндамачы:

Мен Новосибиркиде жаштар гезитинде иштеп, жазган жаңылыгыңды бүтүндөй дүйнө окуп жатканын элестете алчу эмесмин. Анда мен 24 жашта элем. Досум “Интерфакс” агенттигине орношуума жардам берип, дүйнөлүк ЖМКдан чочулабаш керектигин айтты. Тескерисинче, алдыга умтулуп, өз күчүмдү текшерүүгө ынандырды. Ал өзүңө ишенгенде гана жакшы жыйынтык чыгарын кулагыма куюп жүрдү. Чын эле, азыр баары жайында. 

Анара Мамытова, журналист:

Достук — бул дүйнөдө сени түшүнүп, керек учурда жардам берип, ийгиликтериңе чын дилден кубана турган адам бар экенин сезип-билүү. Алар сенин оюңду туура көрбөсө да, аны сыйлайт, кыйын кезде колдоосун аябайт. Сен аны менен күнүгө чалышып же күн алыс көрүшүп турушуң зарыл эмес. 

Детство — беззаботная пора - Sputnik Кыргызстан
Балдай таттуу балалык
Бир жолу мындай болгон: туулган күнүмдө түнкү саат 00.00дө "Куттактайбыз" деп бенгаль шамдарын жандырып алышкан досторум үйгө кирип келишти. Ага чейин алдын ала мага арнап подъездимди кооздоп коюшкан экен. Мен эмне кыларымды билбей калдым: анткени буга чейин алар мени боексуз көрүшө элек болчу. Кыйкырып-өкүрүп эмне кыларымды билбей ары-бери чуркап жүрсөм, кошуналарым тоногучтар келген экен деп чыга калышканы эсимде. 

Жаңылыктар түрмөгү
0