Адис: таза Ысык-Көлдөн кол жууп калышыбыз ыктымал

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологдор Тамчы айылында жүргүнчүлөрдү ташуучу ири авиалайнерлерди кабыл алуу үчүн аэропорттун ачылганы туурасында ЖМКлардын билдирүүлөрүн тынчсыздануу менен кабыл алышты. Күтүлгөндөй, бул Ысык-Көлгө келчү туристтердин кошумча агымын камсыз кылмакчы.

Мирбек Ильязов, "ЭКОаудит" компаниясынын башкы адиси, Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, Ысык-Көл эс алуучулардын көбөйүшүнө даяр эместигин ырастады.

— Ысык-Көлдүн тургундары Boeing жана Airbus учактарын кабыл алуу үчүн аэропорттун ачылышы жөнүндө маалыматты кубануу менен кабыл алышты. Бирок баары жылма эмес демекчи, сиз кандай көйгөйлөр бар дейсиз?

Ысык-Көл: дайверлер балыкты браконьерлердин эски торунан чыгарууда
— Аймактын экологиялык сыйымдуулугу деген түшүнүк бар. Ал адамдын жашоо-турмушу үчүн ылайыктуу болгон жана өзүн өзү калыбына келтирүүгө алы жеткидей экологиялык шарттарды сактап калуу мүмкүнчүлүгүн билдирет. Табигый чөйрөгө таасир берүүчү факторлордун жана түрдүү табигый шарттардын көптүгүнөн ошол экологиялык сыйымдуулуктун көрсөткүчтөрү ар бир аймак үчүн өзүнчө эсептелип чыгышы керек. Түрдүү ыкмалар бар, жана алардын бири экологиялык шарттардын негизги натыйжаларын – адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин баалайт.

Өткөн эс алуу мезгилинде сарык оорусу чыккан, бул жөнүндө ачык айтылган эмес, бирок борбор шаардын жугуштуу ооруларды дарылоочу ооруканасы дал ошол Ысык-Көлдөн келгендерге толуп кеткен. Бул сууну тазалоо системасы жана табият өзү алы келбей калды дегенди билдирет. Оорунун козгоочусу тазалоочу жабдуулар аркылуу же алардан сырткары көлдүн суусуна ушунчалык көп санда жеткендиктен, аны жоюуга көлдүн күчү келген эмес.

— Анда Ысык-Көл канча эс алуучуну кабыл алат?

— Эң башкысы, бул көрсөткүчтөрдү эч ким Ысык-Көл үчүн эсептеген да эмес, бекиткен да эмес. Бирок, мисалы, эс алуу күч албай турган мезгилде Чолпон-Атада 17-18 миңдей киши жашаса, жайкысын бир эле убакта 70 миңден ашык эс алуучу келет. Ал эми Ысык-Көл өзү жайкысын ар кандай баалоолор боюнча 1,5 миллионго чейинки адамды кабыл алат. Жана, ачыгын айтыш керек, шаар-айылдардын, көпчүлүк эс алуу жайларынын инфраструктуралары буга такыр даяр эмес.

— Даяр эместик эмнеден көрүнөт?

Ысык-Көлдө баасы 231 миң сом болгон карагайлар мыйзамсыз кыйылган
— Ысык-Көлдө таштандыларды көмүп жок кылуу үчүн полигондор жок, аларды ыргыта турган ачык жайлар гана бар. Алар тоо этектеринде жайгашкан. Ачык таштанды жайлары эч нерсе менен корголгон эмес, ошондуктан полиэтилен жана кагаз сыяктуу жеңил нерселерди шамал учуруп кетет. Жайкысын бул көп билинбегени менен, кышында желим баштык, кагазга толгон талааларды көрөсүң. Бул таштандылардын көбү эртедир-кеч көлдүн суусуна түшөт. Көлдүн акваториясы менен түбү жөнүндө кеп такыр башка. Азыр суунун түбү энтузиасттардын колу менен гана тазаланып жатат. Ал жакта болсо полиэтилен баштыктар, бөтөлкөлөр жана чөккөн торлорго кептелип калган башка таштандылар толтура. Аларды табият өзү кайра иштетип жок кыла албайт.

— Мурда биздин суу баарынан таза дешер эле…

— Биз Ысык-Көлдүн суусун абдан таза дейбиз. Кимдир бирөө ага бул көрсөткүч боюнча Тахо жана Байкал көлдөрүнөн кийинки үчүнчү орунду берген, бирок бул салыштыруулар эчак эле жүргүзүлгөн. Азыр болсо биз биринчи он көлдүн ичине да кирбейбиз деп корком.

Ысык-Көл ультраолиготрофтук көлдөргө кирет, башкача айтканда, биомассасы аз, бирок кычкылтеги көп суу болуп эсептелет. Планктондордун жана башка биомассанын аз болушунан суу тунук келип, бирок өзүн өзү тазалоо жөндөмү аз болот. Көл ойдуңунун орографиясы туюк экендигин жана көлдөн бир да суу агып чыкпай турганын эске алсак, кайра иштетүү процессинде көл өзүнө гана ишене алат. Жана буга алы жетиши үчүн ал өзүнүн биомассасын көбөйтүп өстүрүшү керек, башкача айтканда суу тунуктугун жоготот.

Көлмөлөрдүн экологиялык абалын аныктоонун төрт негизги ыкмасы белгилүү:

 

  • балырлардын өсүшүнө таасир берүүчү биогендүү элементтердин (азоттун жана фосфордун) болушу;
  • суунун тереңирээк жеринде жана түбүндө жашоочу индикатордук организмдер боюнча;
  • микроскоптук балырлардын (фитопланктондун) өнүгүшүнүн сандык көрсөткүчтөрү — саны, биомассасы, хлорофиллдин концентрациясы, фотосинтездин тездиги ж.б. боюнча;
  • көз менен карагандагы сапаттык көрсөткүчтөрү – тунуктугу, түсү, жыты ж.б. боюнча.

 

Биз ушул бардык төрт көрсөткүчтөр боюнча өзгөрүүлөр бар экенин байкоодобуз.

Жана көлдүн бардык өзгөрүүлөрү толугу менен антропогендүү, б.а. анын баарына адам гана күнөөлүү. Негизги себеби коммуналдык агындыларга байланышкан. Адистер фито-, зоопланктондун, жээкке жакынкы фитоценоздордун курамы өзгөрүп жатканын байкашууда. Гидрохимиялык, негизинен кычкылтектүү абалы өзгөрөт, балыктын саны азайды. Биринчисин адистер гана көрө алса, эндемикалык балыктын жоголушу баарына көрүнүп турат. Булганычтын башкы булагы — калк отурукташкан жайлар менен айыл-чарба жерлери.

— Демек, көл "оорулуу" экен да, жана эс алуучулардын агымы адалды начарлатып гана жиберет турбайбы?

— Азыр табигый ресурстарды пайдалануунун жалпы көрүнүшүн бир гана сөз аркылуу — жырткычтык менен пайдалангандык деп атоого болот. Бул канча жүк көтөрө аларын эсепке албай эле жүк сала берген кемедей. Ал акыр-аягы көңтөрүлүп кетет эмеспи. Ысык-Көл жөнүндө айтсак: суу "гүлдөп" кетсе, ошол анык катастрофа болот. Ошондуктан жаңы эс алуучуларга үмүт кылардан мурун, көлдөн сураш керек, б.а. анын алы жетер-жетпесин эсептеп чыгыш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0