БШК: Шайлоочулардын жаңы тизмеси шайлоого 50 күн калганда жарыяланат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүБишкек шаарында шайлоо. Архив
Бишкек шаарында шайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боршайкомдун сайтында азырынча шайлоочулардын эски тизмеси илинип турганын төраганын орун басары билдирди.

БИШКЕК, 3 июнь — Sputnik. Шайлоочулардын жаңы тизмеси шайлоого 50 күн калганда жарыяланарын Sputnik агенттигине Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрага орун басары Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын жаңы тизмеси "Шайлоо жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу түзүлөт. Мыйзамга ылайык, шайлоого эми биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандар гана катыша алат. Республиукада биометрикалык маалыматтарды чогултуу 1-августка чейин жүргүзүлгөндүктөн, шайлоочулардын тизмеси аягына чыга элек, деп белгиледи Журабаева.

"Боршайкомдун сайтында азырынча эски тизме илинип турат. Анда биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандар аныкталган эмес", — деди төрага орун басары.

Биометрикалык мааалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт аңдуу жөнүндө: биометрикалык маалыматтарга "аңчылык" болот
Конституциялык палата "Шайлоо жөнүндөгү" мыйзамга  биометрикалык маалыматтар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамсыз экенин аныктаса, жагдай кандай болот деген суроого, Журабаева "азырынча палата чечим чыгара элек болгондуктан, бүгүнкү күндөгү мыйзамга ылайык иш алп барууга туура келерин" белгиледи.

Жакынкы үч ай аралыгында сот "Шайлоо жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамсыз экенин айткан укук коргоочулардын доо арызын карайт.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылдын август айында башталган. 16 жаштан жогору жарандардын бардыгы манжа издерин, санариптик сүрөтүн жана өздүк кол тамгасын тапшырууга милдеттүү. Маалымат чогултуу 2015-жылдын 1-августунда токтотулат. Жалпысынан республика боюнча 3 миллион 641 миң адамдын маалыматын чогултуу болжолдонууда. Бүгүнкү күндө биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандардын саны 2,5 миллиондон ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0