Эгинбаева: АКШ элчилиги атташесинин күнөөсү менен болгон жол кырсыгы боюнча эч аракет көрө элек

Жазылуу
Бишкектин Жол-кайгуул кызматы АКШ элчилигинин 65 жаштагы атташесинин катышуусу менен болгон жол кырсыгын иликтеп жатканын билдирген. Ага ылайык, кырсыкка Америка элчилигинин өкүлү Грэт Мэри Луиз күнөөлүү экендиги аныкталган.

БИШКЕК, 3 июнь — Sputnik. АКШ элчилиги ушул убакка чейин атташенин катышуусу менен болгон жол кырсыгына эч кандай аракет көрө электигин окуядан жабыр тарткан унаа ээси Динара Эгинбаева Sputnik агенттигине билдирди.

АКШ мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ элчилиги атташе катышкан жол кырсыгы боюнча комментарий берди
Буга чейин жол-кайгуул кызматы АКШ элчилигинин 65 жаштагы атташесинин катышуусу менен болгон жол кырсыгын иликтеп жатканын маалымдаган. Ага ылайык, кырсыкка Америка элчилигинин өкүлү Грэт Мэри Луиз күнөөлүү экендиги аныкталган.

Эгинбаева окуя 16-май күнү "Рубин" дүкөнүнүн жанындагы көчөлөрдүн кесилишинде болгонун айтууда. Тыгында Эгинбаеванын Toyota Ipsum унаасы D 0188 дипномерлүү ак түстөгү Volkswagen Touareg машинасы менен кагылышуудан жабыр тарткан. Жабырлануучу бул ишти элчилик "эптеп жаап коюуга" аракеттенип жатат деген оюн билдирүүдө. 

Элчилик аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

"Атташе кечирим суроону ойлонуп да койгон жок. Экспертиза өткөрүлбөгөндүктөн, алар күнөөсүн моюнга албай жатышат. Дипломатиялык мекеме бүгүнкү күнгө чейин экспертиза өткөрүү үчүн унааны чыгаруу талабына оң жооп бербей жатышат", — дейт жабыркаган машинанын жүргүнчүсү.

Эгинбаева: АКШ элчилиги атташе катышкан жол кырсыгын тымызын бүтүрүүгө аракеттенүүдө
Анын айтымында, жол кырсыгы боюнча документтер чогултулуп, ТИМ аркылуу элчиликке жөнөтүлгөн. 

Тышкы иштер министрлиги чет элдик жарандарга иштеп жаткан мамлекеттин мыйзамдарын бузууга тыюу салынган нотаны элчиликке жибергенин тастыктады.

Редакция түшүндүрмө алуу үчүн дипөкүлчүккө кайрылды. Кабарчынын суроолоруна маалымат кызматы азырынча жооп бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0