Самаков үй камагында калды

© Фото / пресс-служба ЖККарганбек Самаков. Архив
Карганбек Самаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутатка карата Октябрь райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды.

БИШКЕК, 3 июнь — Sputnik. Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 3-июнда Башкы прокуратуранын ЖК депутаты Карганбек Самаковго карата үй камагына алуу чечимин камакка алууга өзгөртүп берүү боюнча доо арызын караганын Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. 

Кылмыш иши папкасы Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура Карганбек Самаковдун кылмыш иши боюнча кенен маалымат берди
Маалыматта Октябрь райондук сотунун Самаковду үй камагына калтыруу чечими күчүндө калганы кабарланат.

Буга чейин Октябрь райондук соту депутат Карганбек Самаковго карата бөгөт коюу чарасын карап, эки айга үй камагына алуу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, депутат аталган райондон тышкаркы жактарга тергөө органдарынын уруксаты менен гана чыгуусу каралган.

Карганбек Самаковго Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси, Коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, 15-майда камакка алынган. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө депутат Чүй облусуна караштуу Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнө караштуу 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0