Ажыга бара тургандарды каттоо аяктады, эми чүчү кулак менен тандоо башталат

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHАжыга бара тургандарды каттоо аяктады, эми чүчү кулак менен тандоо башталат
Ажыга бара тургандарды каттоо аяктады, эми чүчү кулак менен тандоо башталат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Меккеге зыярат кыла тургандар каттоодон өткөндөн кийин электрондук чүчү кулак аркылуу тандалат. Бул сапар ажылыкка бара тургандар былтыркыга караганда аз катталды.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Меккеге зыярат кылам дегендерди 2015-жылкы ажылык сапарга каттоо токтотулду. Быйыл өлкө аймагында 3295 жаран каттоодон өттү. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Замир Ракиев: ажылык баруунун акысы жол кире менен тамак-аштын эсебинен кымбаттады - Sputnik Кыргызстан
Замир Ракиев: ажылыктын акысы жол кире менен тамак-аштын эсебинен кымбаттады
Аймактык казыяттардын маалыматында, Баткен облусунан 288, Ош облусунан 914, Ош шаарынан 241, Жалал-Абаддан 767, Чүйдөн 546, Бишкектен 360, Таластан 37, Нарындан 51, Ысык-Көл облусунан 91 жаран каттоодон өткөн.

Зыяратка бара тургандар каттоодон өткөндөн кийин электрондук чүчү кулак аркылуу тандалат. 

2015-жыл ажыга барып мусулмандык милдеттеринин бирин аткарып келүүчүлөргө 3 685 орун берилген. 

2014-жылы 8200дөн ашуун жаран каттоодон өтүп, жогорудагыдай эле система менен 3 685 адам тандап алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0