Ош шаарында балдар майрамы акысыз балмуздактарды таратуу менен коштолмокчу

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи класстын окуучулары. Архив
Биринчи класстын окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында жашаган балдарды калаа башчысы баштаган атка минерлер куттуктады.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Ош шаарында 1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтүп, балдар үчүн аттракциондор иштеп, майрамдар уланууда.

Майрамдын расмий бөлүгүнө калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, мэрия өкүлдөрү, шаардагы балдар, ата-энелер, мугалимдер катышты.

Шаар мэри балдардын татыктуу таалим-тарбия, жетиштүү билим алуусуна, жаркын келечегине жол ачып берүү негизги милдет экендигин белгиледи.

"Бала тилегин Кудай берет, кабыл кылат. Бардык каалоо-тилегиңер ишке ашсын. Улууну сыйлап, кичүүнү ызааттаган, турмуштун оош-кыйышын көтөрө билген, ар кыл кыйынчылыктарга тике караган, эгемен Кыргызстандын татыктуу улан-кыздарынан болушуңарга чын жүрөктөн тилектешмин", — деди Кадырбаев.

«Парад юных наследников Победы» - Sputnik Кыргызстан
Ошто "Биздин балдар – планетанын келечеги" аттуу бир айлык жарыяланды
Майрамдык иш-чаралар"Токтогул" паркында аттракциондордун иштеши жана балдарга акысыз балмуздактарды таратуу менен коштолмокчу. 

Ош шаарында "Биздин балдар — планетанын келечеги" аттуу бир айлык жарыяланган. Бир айлыктын алкагында, социалдык коргоого муктаж балдарга мекеме-ишканалар тарабынан материалдык колдоо көрсөтүү, балдарга акысыз медициналык жардамдарды уюштуруу каралган.

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун атайын сессиясында кабыл алынып, 1950-жылдан тартып майрам катары белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0