Лейлек районунун Арка массивине электр жарыгын берүү жакшыртылат

Жазылуу
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору боюнча насыялык макулдашууну мамлекет башчы ратификациялады.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Лейлек районунун Арка массивине электр жарыгын берүү жакшыртылат. Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну мамлекет башчы ратификациялаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Электр подстанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Электр энергиясынын тарифи июнда кымбаттабай калды
Аталган макулдашууга 2014-жылдын 25-июнунда Жидда шаарында кол коюлган 

Мыйзамга ылайык Финансы министрлигине Ислам өнүктүрүү банкына Кыргызстан тараптан көрсөтүлгөн насыялык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0