Болот Шамшиев: балам Францияда университетте иштеп атат

© Фото / Любовь МукееваПрезиденттин алдындагы башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиев. Архив
Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиевге УКМК тарабынан издөө жарыяланган

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиев учурда Франциядагы университеттердин биринде иштеп жатканын анын атасы, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Болот Шамшиевдин баласына издөө салынды
Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиевге УКМК тарабынан издөө салынган.

Ал уулуна кылмыш иши козголуп, издөөгө алынганын Жалпыга маалымдоо каражаттарынан билген. Шамшиев уулунун күнөөлүү экенине ишенбестигин айтты.

2015-жылдын март айында Улуттук коопсуздук боюнча комитети мурдагы ректорго карата Академиянын имаратын ашкана үчүн мыйзамсыз ижарага берген деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иши козголгондон бери Шамшиев тергөө органдарына суракка келбей, чет жакка чыгып кеткен. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Чыңгыз Шамшиевди сыртынын камакка алуу боюнча өкүм чыгарып, ал эми УКМК ага издөө салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0