УКМК: Сирияга кетти деп шектелген дагы 30 адамдын багыты такталууда

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүВоенный конфликт в Сирии
Военный конфликт в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Сирия, Ирактагы согуш аракеттерине кыргызстандык 330 жаран катышып жүрсө, алардын 40 чукулу аялдар.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Сирияга барып, согуштук даярдыктан өтүп, Кыргызстанда терактыларды уюштурабыз деген аракет менен кайтып келип, кармалгандардын саны учурда 33 адам. 

"Ислам мамлекетинин" катарына кошулууга кетти деген маалымат менен дагы 30 адамдын багыты, максаты такталууда. Бул туурасында Улуттук Коопсуздук кызматынын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов Sputnik маалыамт сайтына билдирди. 

Анын айтымында, Сирияга кетти деген маалымат алынган дагы 30га жакын адамдын багыты такталууда. 

"Жалпысынан 350дөн ашыгыраак жарандар катышып жүргөндөгү маалымат бар, бирок, алардын чын бышыгы билине элек. Такталганы 330дун тегереги, ал эми 30га жакын адам иликтенип жатат. Сирияга кетиптир деген айрым жарандар боюнча маалыматтар текшериле келгенде алар Түркияда же башка мамлекетке жашап, иштеп жүргөндүгү аныкталган учурлар да бар", — деди Сулайманов.

Жихадчы болууга бел байлап кеткен кыз-келиндердин саны кыркка чукул. Бир катарлары алданып, азгырыкка алынып кетсе, бир катарлары күйөөлөр, бүлөсү менен аттанышкан.

"Расмий кетти деген 330 жарандын 40тан ашыгы кыз-келиндер, айрымдары өз алдынча, айрымдары күйөөсү, бүлөсү менен кеткендиги такталды", — деди Сулайманов.

Буга чейин УКМК Сириядагы чыр-чатактар жүрүп жаткан аймакта Кыргызстандык онго жакын жаш бала бар экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0