"Курманжан Датка" тарыхый тасмасы түрк тилине которулду

© Фото / Курманжан Датка тасмасынанКурманжан Датка тасмасынан бир кадр. Архив
Курманжан Датка тасмасынан бир кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк тилиндеги субтитр менен коштолгон тарыхый көркөм тасманын бет ачар аземи каармандар кийген костюмдардын жана сүрөттөрдүн көргөзмөсү менен ачылат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. "Курманжан Датка" тасмасынын түрк тилиндеги субтитр менен коштолгон бет ачары Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинде бүгүн саат 15.00дө боло турганын университеттин коом менен байланыш бөлүмү билдирди. 

Түрк тилиндеги субтитр менен коштолгон тарыхый көркөм тасманын бет ачар аземи тасмада кийилген костюмдардын жана сүрөттөрдүн көргөзмөсү менен ачылат. 

Садык Шер-Нияздын "Курманжан Датка" тарыхый көркөм тасмасы түрк тилине Кыргыз-Түрк "Манас" университети тарабынан которулган.

"Курманжан датка" тасмасы мамлекеттик тапшырык менен 2014-жылы тартылып, ага мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион доллар сарпталган. Фильмдин бет ачары былтыр 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө болгон. Тарыхый тасманы режиссер Садык Шер-Нияз тарткан.

Былтыр "Курманжан датка" тасмасы "Оскар" киносыйлыгына көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0