Токтакунов: биометрикалык маалыматтарды интернеттен таап алыш оңой

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКомпьютердин клавиатурасы. Архив
Компьютердин клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эч кандай текшерүүдөн өтпөгөн жабдууларды колдонуу улуттук коопсуздукка чоң коркунуч алып келет дейт укук коргоочулар.

БИШКЕК, 27-май – Sputnik. Калктын биометрикалык маалыматтарын чогултууда колдонулуп жаткан жабдуулар мамлекеттик стандарттан жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин текшерүүсүнөн өткөн эмес деген пикирин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, эч кандай текшерүүдөн өтпөгөн жабдууларды колдонуу улуттук коопсуздукка чоң коркунуч алып келет.

"УКМК өзү биометрикалык маалыматтарды чогулта турган жабдыктардын сапаттык сертификаты жок экенин айтып жатышат. Өлкөгө келген жабдуулардын бирөөнү гана текшерип анын сапаты боюнча сертификаты болбогонун билдиришүүдө. Калгандарын ким текшерди? Маселе ачык бойдон", – дейт Үмөталиева.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Германиядан алынып келген жабдуулардын коддору кыргыз тарапка берилбегенин кошумчалады.

"Бизге келген жабдуулардын коддору Кыргызстан тарапка берилген эмес. Демек, бул биздин биометрикалык маалыматтарды үчүнчү тарап оңой эле колдоно алат дегенди түшүндүрөт", — деди ал.

© Sputnik / Расул УсеналиевЮрист Нурбек Токтакуновдун айтымындагы, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын интернетке чыгып кеткен тизмеси. Муну ал журналисттерге берди.
Юрист Нурбек Токтакуновдун  айтымындагы, биометрикалык  маалыматтарын тапшырган  жарандардын интернетке чыгып кеткен тизмеси. Муну ал журналисттерге берди. - Sputnik Кыргызстан
Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымындагы, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын интернетке чыгып кеткен тизмеси. Муну ал журналисттерге берди.

Токтакунов ошондой эле, учурда  биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар боюнча маалыматтарды интернеттен оңой эле таап алса боло турганын айтты.

"Жабдуулардын коопсуздугун эч ким текшербегендиктен, биометрикалык маалыматтарды интернеттен тапса болот. Мен компьютерди жакшы билген тааныштарыма айтып, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар туурасында маалыматтарды оңой эле таап алдым", — дейт ал. 

Белгилей кетсек, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу кампаниясы Кыргызстанда кызуу жүрүүдө. Мындай аракеттер күзүндө боло турган парламенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн жасалып жатканын өкмөт баса белгилеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0