"Акыркы коңгуроодо" окуучуларды милиция кайтарат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Акыркы коңгуроодо" окуучуларды милиция кайтарат
Акыркы коңгуроодо окуучуларды милиция кайтарат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздукту камсыздоо үчүн шаардык милициянын 500 кызматкери бөлүндү.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Акыркы коңгуроо" аземинде окуучулардын коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыздай турганын Бишкек ШИИБ маалымат кызматы билдирди.

Майрамдык салтанаттуу кече 29-майда белгиленген. Коомдук тартипти камсыздоо үчүн Бишкек ШИИБ райондук бөлүмдөрү тарабынан иш-чаралардын планы иштелип чыкты. 

Биринчи класстын окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыркы коңгуроо мектептерде 29-майда жаңырат
Бардык мектептерге милиция кызматкерлери бекитилип, тартипке жооптуулар дайындалган. Жалпы жолунан коопсуздукту камсыздоо үчүн шаардык милициянын 500 кызматкери тартылат.

Иш-чара учурунда жол-кайгуул кызматы да четте калбастан, жолдогу кыймылды көзөмөлгө алат. 

Учурда билим берүү мекмелеринин жетекчилиги жана окутуучулары үчүн өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттер туурасында атайы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0