Белоруссиянын президенти Лукашенконун апасы каза болду

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүБелоруссиянын президенти Лукашенко. Архив
Белоруссиянын президенти Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апасынын дүйнө салганына байланыштуу Лукашенконун 26-27-май күндөрү Пакистанга болчу сапары кийинкиге жылдырылды.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Белоруссиянын президентинин апасы Екатерина Лукашенко каза болгонун Sputnik Беларусь сайты маалымдады.

Табылды Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан
"Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев 64 жашында каза болду
Апасынын дүйнө салганына байланыштуу Александр Лукашенконун 26-27-май күндөрү Пакистанга болчу сапары 28-29-майга жылдырылды. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол коюу пландалган.

Агенттиктин маалымат булагынын берген маалыматына ылайык, Екатерина Трофимовна Лукашенко көп жылдар бою жашап жүргөн Александрия Шкловский айылына коюлат.

Екатерина Лукашенко 1924-жылы туулган. Ал Александриядагы төртүнчү классты аяктагандан кийин эмгек жолун баштаган. Ал темир жолдо, андан кийин 1979-жылга чейин саанчы болуп иштеп, пенсияга чыккан.

Ал эмгектин ардагери, эмгеги үчүн бир катар дипломдор жана грамоталар менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0