Юрист Айткулов, зарыл болсо, уулун өзү жактоого даяр экендигин айтты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айткуловдун сөзү боюнча, учурда жактоочулар иштин жөн-жайын тактап жатышат. Юрист, зарыл болсо, уулун өзү жактоого даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Белгилүү жактоочулардын бири Икрамидин Айткуловдун уулу Азамат алдамчылыкка шектелип кармалганын Sputnik агенттигине Айткулов өзү кабарлады.

"Уулум алдамчылык кылды деп шектелүүдө. Бул менин ишиме байланыштуу мага айрымдар тарабынан жасалган кысым болушу да мүмкүн", — дейт юрист.

Анын айтымында, учурда жактоочулар иштин чоо-жайын изилдешүүдө. Айткулов, зарыл болсо, уулун өзү жактоого даяр экенин билдирди.

Бишкек ШИИБ иштин жөнү такталып жатканын айтышты.

Айткулов парламенттин мурунку депутаттарынын жана айрым саясатчылардын жактоочусу катары белгилүү.  Мындан эки жыл мурун белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0