"Манастын" мурунку жетекчилиги учак тетигин арзан соодалап, 2 млн. сом зыян келтирген

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный аэропорт "Манас". Архивное фото
Международный аэропорт Манас. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын коррупцияга каршы кеңеши "Манас" эл аралык аэропортунун туунду компаниясынын мурунку жетекчилиги тарабынан ТУ-154 аба кемесинин агрегаты төмөн баада сатылып кеткенин аныктады.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун "Манас Тренинг центр" туунду компаниясында кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирет. 

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК 206 миллион сомдук салык төлөбөгөн фактыны аныктады
УКМКнын коррупцияга каршы кеңеши "Манас" эл аралык аэропортунун "Манас Тренинг центр" туунду компаниясынын мурунку жетекчилиги тарабынан ТУ-154 аба кемесинин агрегаты төмөн баада сатылып кеткенин аныктады. Мындан улам мамлекетке 1 миллион 961 миң сомдук зыян келтирилген. 

Жума күнү аталган факты боюнча Транспорт прокуратурасы тарабынан Кылмыш кодексинин 173-беренесинин ("Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү") жана 221-беренесинин ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") негизинде кылмыш иши.

Жаңылыктар түрмөгү
0