Түркмөнстандын президентине Ашхабадда алтын жалатылган айкел тургузулду

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАшхабаддагы Жогорку соттун имараты. Архив
Ашхабаддагы Жогорку соттун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Монументтин узундугу 21 метр, ал эми мрамордон жасалган постамент 15 метр болду. Колодон куюлуп, алтын жалатылган статуянын автору Түркмөнстандын эл сүрөтчүсү скульптор Сарагт Бабаев.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун эстелиги шаар күнүнө карата Ашхабадда ачылды. "Аркадаг эстелиги" деген расмий аталыштагы бул монументте түркмөндөрдүн президентинин улуттук кийимчен, ахалтекин аргымагын минип турган сөөлөттүү элеси чагылдырылган. Анын жанында тынчтыкка умтулган көгүчкөн учуп баратат. 

Бишкекте Түркмөнстандын маданий күндөрү башталды
Монументтин узундугу 21 метр, ал эми мрамордон жасалган постамент 15 метр болду. Колодон куюлуп, алтын жалатылган статуянын автору — Түркмөнстандын эл сүрөтчүсү скульптор Сарагт Бабаев. 

Түркмөнстан Межилисинин төрайымы Акджи Нурбердыева монументти орнотуу боюнча токтомду парламент кабыл алганын билдирди. Анын айтымында, президенттин эстелигин орнотууга карапайым түркмөнстандыктардын кайрылуусу себеп болуптур. Спикер эл "өлкөнүн акылмандык менен жүргүзүлгөн сырткы жана ички саясатын, анын ийгиликтери жана эл аралык аренадагы кадыр-баркы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун ысымы менен байланыштырышарын" билдириптир. 

Бердымухамедовдун биринчи эстелиги анын президенттигинин сегизинчи жылында орнотулду. 2014-жылдын июль айында Түркмөнстандын вице-премьери, ТИМи Рашид Мередов атуулдардын атынан Бердымухамедовго анын эстелигин Ашхабаддын көрктүү жерлеринин бирине орнотуу өтүнүчү менен кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0