Сузак районунун акими кызматынан алынды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМамлекет кызматкери. Архив
Мамлекет кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондун акими күзүндө Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого катышуу максатында кызматтан кетүү боюнча арызын берген.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедовду өз арызынын негизинде кызматтан алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Райондун акими күзүндө Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого катышуу максатында кызматтан кетүү боюнча арызын берген.

Белгилей кетсек, 23-майдан 24-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылында жер көчүп, беш үйдү басып калган. Анын кесепетинен алты киши каза болгон. Жаракат алган 12 жаран райондук ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0