Ош шаарында эл аралык бизнес-форум өтөт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОш шаарынын борбор аянтында. Архив
Ош шаарынын борбор аянтында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында өтө турган бизнес-форум чет элдик инвестицияларды тартуу, эл аралык иштиктүү мамилелерди түзүү жана аймактагы бизнес-активдерди өстүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөйт.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Ош шаарында өтө турган "Ош-2015" деп аталган бизнес-форумга Россиядан, Казакстандан, Кытайдан, Бириккен Араб Эмирлигинен, Египеттен жана башка бир катар чет өлкөлөрдөн баш-аягы 200дөн ашуун адам катышат. 

Филармония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте IV эл аралык финансы форуму өтүп жатат
Анын негизги максаты – чет элдик инвестицияларды тартуу, эл аралык иштиктүү мамилелерди түзүү жана аймактагы бизнес-активдерди өстүрүүгө көмөктөшүү.

Бул иш-чарада өлкөдөгү инвестициялык климат туурасында маалымат берилип жана бизнес-долбоорлор боюнча материалдар көрсөтүлөт. Форумдун катышуучулары топторго бөлүнүп, айыл чарбасы жана кайра иштетүү, тамак-аш өнөр жайы, тоо-кендерин иштетүү тармагы, курулуш жана инвестициялар, туризм жана инфраструктура тармактары боюнча жагдайды талкуулашат.

"Жаш ишкерлер ассоциациясынын" өкүлдөрү бизнести алып кетүү жана инвестиция тартуунун ийгиликтүү моделдери туурасында айтып беришет. Андан сырткары, ишкерлердин потенциалын жогорулатуунун канчалык деңгээлде маанилүү экендиги жана бизнести жүргүзүүнүн жаңы ыкмалары туурасында да маалымат менен бөлүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0